Салык кызматы коррупцияга каршы 17 иш-чараны ишке ашырат

05.03.2020, 14:15 Акчабар
Салык кызматы коррупцияга каршы 17 иш-чараны ишке ашырат

Мамлекеттик салык кызматы КР Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган Системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча деталдаштырылган пландын 3-этабын ишке ашырууга киришти.

[news 21845]

Планга ылайык, 3-этабында салык органдарында 7 коррупциялык тобокелдиктер демонтаждалууга тийиш, анын ичинде мыйзам чыгаруу иши (салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү), ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттоодо салыктарды жана кыйыр салыктарды башкаруу, салык мыйзамдарынын сакталышын контролдоо, салык контракты, КНСти эсепке алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу иштери аныкталган.

Аталган коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо максатында Салык кызматы 33 чарадан турган коррупцияга каршы 17 иш-чараны ишке ашыруусу зарыл.

Андан тышкары, ЕАЭБдин алкагында салык отчетторун берүү механизмин жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн аларды талдоо, ЕАЭБден импорттоо/экспорттоо чөйрөсүндө салык төлөөчүлөр менен болгон иштерди оптималдаштыруу, товарларды ташып келүү жөнүндө арызды кабыл алуу, кыйыр салыктарды төлөө, кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү жол-жоболорун жакшыртуу иштери жүргүзүлмөкчү.

Коррупцияга каршы иш-чаралардын алкагында салыктарды төлөбөө тобокелдиктерин талдоонун жана баалоонун автоматташтырылган системасын өркүндөтүү, ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик иштин түрлөрүн этап-этап менен кыскартуу, салыктык контрактын жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча электрондук отчеттуулукту жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кабыл алуу боюнча инновациялык технологияларды ишке киргизүү турат.

Бардык көрсөтүлгөн иш-чаралар 2020-2021-жылдар ичинде ишке ашырылууга тийиш.

Эскертке кетсек, 2016-2018-жылдары МСКдагы системалык коррупцияны демонтаждоо боюнча 1 жана 2-этаптын иш-чараларынын деталдаштырылган планынын алкагында иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, Салык кызматында коррупциялык тобокелдиктерди демонтаждоо боюнча иш-чаралардын деталдаштырылган планынын (3-этап) долбоорун иштеп чыгуу менен Салык кызматы КР Коопсуздук кеңешинин Жумушчу тобу карап чыкканга чейин 2019-жылдын ичинде 4 иш-чараны толугу менен аткарды.

Тэги: Салык кызматы коррупцияга каршы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть