Опубликовано
12.02.2021, 07:30Салык кызматы тарабынан Бишкектеги маркасыз тамеки буюмдарын саткан дүкөндөр аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
[news 32388]
Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 201,7 миң сомдук акциздик маркасы жок 685 таңгак тамеки жана стика (электрондук сигарет) тартып алынды.
Эскерте кетсек, контрафакттык тамеки буюмдарын, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатууларга карата жоопкерчиликтер каралган. Соода түйүндөрүнүн ээлери жана сатуучулар Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жазаланат.