Салык кызматы маркасыз тамеки буюмдарын саткандарды аныктады

12.02.2021, 13:30 Акчабар
Салык кызматы маркасыз тамеки буюмдарын саткандарды аныктады

Салык кызматы тарабынан Бишкектеги маркасыз тамеки буюмдарын саткан дүкөндөр аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы суммасы 201,7 миң сомдук акциздик маркасы жок 685 таңгак тамеки жана стика (электрондук сигарет) тартып алынды.

Эскерте кетсек, контрафакттык тамеки буюмдарын, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатууларга карата жоопкерчиликтер каралган. Соода түйүндөрүнүн ээлери жана сатуучулар Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жазаланат.

Тэги: салык кызматы маркасыз тамеки буюмдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
<
×