Салык органдарында коронавирусту алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлдү

19.03.2020, 13:30 Акчабар
Салык органдарында коронавирусту алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлдү

Кыргыз Республикасынын аймактык салык органдарында коронавирусту алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирустук инфекциянын таралышына жол бербөө жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча салык төлөөчүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында, аймактык салык органдарынын имараттарында жана жайларында зарыл болгон санитардык-гигиеналык чаралар көрүлдү.

«Бирдиктүү терезелердин» жайлары жана кызматтык кабинеттер дайыма желдетилип, дезинфекцияланууда жана нымдуу тазалоо иштери жүрүүдө, ошондой эле кирүүчүлөрдүн колдорун тазалап туруу үчүн антисептикалык каражаты бар тиешелүү аппараттар орнотулду.

Кирүүчүлөрдү тейлеген салык органдарынын кызматкерлери коргоочу беткап менен камсыз кылынган.

Ушундай эле чаралар мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын товарларды эсепке алуу пункттарында, ошондой эле тейлөө борборлорунда да кабыл алынган.

Тэги: салык кызматы коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть