Салык кызматы шайлоого аттанган партияларга салыктарды өз убагында төлөөнү эскертет

04.09.2020, 15:00 Акчабар
Салык кызматы шайлоого аттанган партияларга салыктарды өз убагында төлөөнү эскертет

Салык кызматы парламенттик шайлоого аттанган партияларга салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөнү эскертет. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Шайлоо учурунда партиялар үгүтчүлөрдү жана башка бир катар адистерди жана компанияларды же фирмаларды жалдашат, ошондой эле үгүт материалдарын (китепчелер, плакаттар, баннерлер, кермелер, ММКга макалалар жана роликтер ж.б.) даярдоо, таратуу жана жайгаштыруу үчүн массалык-маалымат каражаттарын колдонушат.

Буга байланыштуу парламенттик шайлоого катышып жаткан бардык саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүк мезгилинде партиялардын ишине тартылган жеке жактар менен эмгек акысынан киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү төлөө үчүн эмгек мамилесин жол-жоболоштурууга тийиш. Алар үгүтчүлөр, адистер жана шайлоо штабдарынын кызматкерлери жана башкалар.

Үгүт мезгилинде саясий партияларга кызмат көрсөткөн компаниялар жана фирмалар дагы көрсөткөн кызматтары үчүн тийиштүү салык жыйымдарын өз убагында төлөөгө милдеттүү.

Тэги: салык кызматы салык парламенттик шайлоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть