Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

09.02.2021, 11:25

Салык кызматы 2020-жылдагы жүргүзгөн ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

[news 31823]

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 100,2 пайызга же 107,3 млн сомго ашык чогултулган. 2019-жылга салыштырмалуу 324,7 млн сомго көп чогултулган.

«2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар да өзүнүн жыйынтыктарын берди. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү», - деп жазылат маалыматта.


Читать похожее

  • 25.04.2022, 23:51:49
  • 20.04.2022, 03:08:55
  • 16.03.2022, 05:30:06
  • 02.03.2022, 05:31:26