Опубликовано
06.05.2021, 06:45Ушул жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы 29 миллиард 781,6 миллион сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогулткан. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
[news 33938]
Мында белгиленген план 106,9% га же 1 млрд 923,7 млн сомго ашыкча аткарылган.
Республикалык бюджетке 23 миллиард 641,2 миллион сом чогултулуп, план 105,6% га же 1 миллиард 261,2 миллион сомго ашыкча аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 6 миллиард 421 миллион сомго көбөйдү (өсүү темпи 137,3%).
Жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр 6 миллиард 140,4 миллион сомду түзүп, план 112,1% га же 662,5 миллион сомго ашыкча аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 443,6 миллион сомго көп чогултулган (өсүү темпи 130,7%).