Салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарында борбордук базарда өткөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу факталырын аныкташты.
Жыйынтыгында акциздик маркасы жок 4 миң 532 таңгак тамеки тартып алынды.
Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.
Белгий кетсек, контрафакттык тамекилерди аныктоо боюнча иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө.