Салык кызматы “Түндүк” системасы аркылуу 18 маморган менен маалымат алмашууда

23.09.2019, 17:34 Акчабар
Салык кызматы “Түндүк” системасы аркылуу 18 маморган менен маалымат алмашууда

Мамлекеттик салык кызматы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттешүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө 18 мамлекеттик органдар жана ведомстволор менен маалымат алмашууда, бул жарандардын суроо-талаптарына маалыматтарды берүүдө кайталоону болтурбоого мүмкүндүк берет.

Атап айтканда, Салык кызматы “Түндүк” системасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети, “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” МИ, Бажы кызматы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Автомобиль жана суу транспорт жана салмак-габариттик контролдоо агенттиги, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти, “Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" МИ, Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, Финансылык чалгындоо, МКК, Улуттук статистикалык комитети, Экономика министрлиги, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы менен маалымат алмашууда.

"Түндүк" каталогунда Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан, жарандарга кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдар пайдалана ала турган кеңири маалымат базасы жайгаштырылган. Бул маалыматтардын катарында идентификациялык салык номери, ишкерлик ишти жүргүзүү, салык төлөөчүлөрдүн киреше салыгы, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу, юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салыктар, салык төлөөчүлөрдүн саны, берилген патенттердин саны, юридикалык жакты каттоо жөнүндө активдүү патенттердин бар экенин текшерүү сервиси боюнча маалыматтар бар.

Булак: Кабар

Тэги: ААК Түндүкэлектр салык кызматы Электр энергия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть