Салык кызматы: электрондук кызмат көрсөтүүлөр убактылуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

06.01.2021, 15:30 Акчабар
Салык кызматы: электрондук кызмат көрсөтүүлөр убактылуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Салык кызматы 7-10-январда маалыматтык системаларды оптималдаштыруу боюнча техникалык иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

«Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 7-январынан 10-январына чейин (иш күн эмес майрам күндөрү) салык кызматынын сервердик жабдууларын жана маалыматтык системаларды оптималдаштыруу боюнча техникалык иштерди жүргүзүүнү пландаштырууда. Аталган техникалык иштер электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Ушуга байланыштуу, аталган күндөрдө Салык кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн, анын ичинде «Жеке кабинеттин», «Электрондук эсеп-фактуралардын» ж.б. ишинде убактылуу техникалык үзгүлтүктөр орун алышы мүмкүн.

Тэги: салык кызматы система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть