Абдалиев Кабыл Кушбакович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2021-жылдын 1-апрелинде премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Кабыл Абдалиев буга чейин өкмөткө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматын ээлеп келген.