Сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракттарды банктык камсыздоо ишке ашырылат

31.01.2022, 11:53 Акчабар
Сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракттарды банктык камсыздоо ишке ашырылат

Финансы министрлиги менен Газпромбанктын ортосундагы контракттарды банктык камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында 2022-жылдын 1-февралынан 4-февралына чейин чейин Бишкек шаарында жолугушуу пландаштырылууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Меморандумдун максаты Кыргызстанда мамлекеттик жана башка сатып алуулар чөйрөсүндөгү контракттарды банктык камсыздоону ишке ашыруу боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Кыргызстандын аймагында "Келишимдерди банктык камсыздоо" продукцияны ишке ашыруу жана иштеп чыгуу төмөнкү артыкчылыкка мумкундук берет:

  • бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө;
  • бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жетишүү;
  • чыгымдардын ачыктыгын камсыз кылуу;
  • коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу.

Белгилей кетсек, 2-февралда Финансы министрлигинде мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча кеңешме өткөрүлөт. Жыйынга төмөндөгүлөрдүн өкүлдөрү катышат:

Финансы министрлиги, мамлекет катышкан банктар (Айыл Банк ААК, «РСК Банк» ААК, «Керемет Банк» ААК) жана сатып алуучу уюмдардын өкүлдөрү.

Тэги: Финансы министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть