akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    06.06.2024, 04:38

    Сауд Арабиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма берилди. Ага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова, Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Ради Аль-Ради мырза, Король Салман колдоо жана гуманитардык жардам борборунун өкүлдөрү, Сауд Аравия Падышалыгынын Каржы министрлигинин өкүлү Салих Альабдуллах мырза катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

    Курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына (КМДБ) жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт.

    “Жардам берүү долбоору Король Салман куткаруу жана гуманитардык иш-чаралар борбору тарабынан ишке ашырылууда”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 05.06.2024, 22:38:33