Опубликовано
04.08.2020, 06:15Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 35 миллион АКШ доллар каражатын кредиттик негизде 25 жылга берүүдө. Анын 5 жылы жеңилдетилген түрдө болсо, пайыздык өлчөмү жылына 1% менен алынат.
Финансылык каражаттар Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун узундугу 80.5 км түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконтрукциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат.
Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги 4 тилкелүү унаа жолуна айланат. Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.
Корумдудан Балбай Баатырга чейинки жолду калыбына келтирүүнүн жалпы суммасы 128 миллион долларды түзүп, анын ичинен төмөнкүлөр багытталган:
Долбоордун 93,0 млн. АКШ долл. суммасындагы калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:
Мындан тышкары Кыргыз Өкмөтүнүн 12,1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошо каржылоосу каралган.