Саясий партиялардын чыгашасы бир жума ичинде үч эсеге өсүп кеткен

26.08.2020, 17:10 Акчабар
Саясий партиялардын чыгашасы бир жума ичинде үч эсеге өсүп кеткен

9-июлдан 21-августка чейин саясий партиялар шайлоодогу жарыш үчүн 121 млн 60 миң 376 сом коротушкан. Бул маалыматты Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын контролдук-текшерүү тобу маалымдады.

Муну менен катар 41 партиянын ичинен 19 партия шайлоо эсебин 186 млн 175 миң 311 сомго толтрушкан.

«Калган 22 партиянын атайын эсептери тууралуу ачык маалымат жок», — деп билдирди БШК.

Ал эми Кыргызстан жашылдар партиясынын бүгүнкү күндөгү чыгашасы катары 200 сом көрсөтүлүүдө.

Анын ичинен «Кыргызстан» саясий партиясынын чыгашасы 39.3 млн сомду түзүп, бардык партиялардан эң көп көрсөткүчкө ээ болгон.

Партиялар

Түшкөн каражат

Чыгаша

«Кыргызстан»

47 968 364

39 335 620

«Биримдик»

32 699 900

14 296 068

«Мекеним Кыргызстан»

16 435 000

13 426 852

«Бир Бол»

15 103 170

13 293 758

«Замандаш»

13 439 000

12 078 535

«Ата-Мекен»

12 374 646

5 774 778

«Республика»

9 500 000

6 880 958

«Мекенчил»

7 511 500

5 011 320

«Чон казат»

6 151 914

1 038 296

Ветеранов войны в Афганистане

5 701 000

5 300 910

«Ыйман Нуру»

5 511 350

511 267

«Ордо»

5 150 000

921 496

«Реформа»

4 426 937

1 007 523

«Социал-Демократы»

1 986 510

1 967 375

«Мекен Ынтымагы»

1 937 000

78 690

«Бутун Кыргызстан»

250 500

113 590

«Нур»

28 320

23 340

«Кыргызстан жашылдар партиясы»

200

-

Кошумчалай кетсек, 14-августтан тарта саясий партиялардын чыгашасы үч эсеге өсүп кеткен. Буга себеп :«Кыргызстан», «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш» жана «Республика» партияларынын чыгашаларынын өсүшү менен байланыштуу болгон.

Тэги: Саясий партия чыгаша

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть