Депутат: «Центеррадагы» директорлор кеңешинин айлыктарын дивидендке байлап коюш керек»

01.05.2020, 15:20 Акчабар
Депутат: «Центеррадагы» директорлор кеңешинин айлыктарын дивидендке байлап коюш керек»

«Кыргызстандын башкы байлыгы – бул алтын. 2019-жылы өлкөдө канча суммага алтын өндүрүлдү?» - деп суроо салды депутат Аалы Карашев парламенттин жыйынында.

Экономика министрлигинин орун басары Автандил Алыбаев 2019-жылы 22 тонна алтын өндүрүлгөн деп жооп берди. Бирок, канча суммада алтын өндүрүлгөн тууралуу суроого жооп бере алган жок.

«Жылдан-жылга өндүрүлгөн алтындын көлөмүнүн өсүүсү, унцияга болгон баасы бул жылы 1200-1300 доллардан 1700 долларга чейин көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө өлкөдө улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген форс-мажордук абал болуп турат. Тез арада киреше салык же өндүрүшкө салык киргизүү керек. Бул жол менен жүздөгөн млн долларларды тапса болот», - деп айтты ал.

Өкмөт башчы бул сунушка, салык саясатын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.

Депутаттын айтымында, Centerra 2019-жылы 1 млрд 300 млн долларга алтын өндүрүп, 700-800—млн доллар киреше тапкан.

«Бизге болгону 2 млн доллар дивиденд төлөшкөн. Ал жактагы директорлор кеңеши эмне иш кылып атышат? Туруктуу эмгек акынын үстүндө беймарал отурушат. Алардын эмгек акысын дивидендке байлап коюу керек, ошондо чуркап иштешет», - деп айтты Карашев.

Премьер-министрдин айтымында, 2019-жылдын жыйынтыгы менен Centerra компаниясынан 9 млн $ түшүүсү керек болчу. 2,2 млн $ - бул сумманын бир бөлүгү.

«Сиз билесизби сүйлөшүү процесси 2016-жылдан бери токтотулган, 9 млн $ - бул кайрадан жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгы», - деп айтты өкмөт башчы.

Centerra Gold Inc. команиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө директорлор кеңешинин курамы 11 адамдан турат: Майкл Пэррет, Брюс Уолтер, Скотт Перри, Ричард Коннор, Дюшен Касенов, Максат Кобонбаев, Стивен Ланг, Аскар Оскомбаев, Жак Перрон, Шерил Пресслер жана Сьюзан Юркович. Мүчөлүктө Кыргызстандын жарандарынын ичинен Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев, Аскар Өскөмбаев бар.

Эске сала кетсек, 2019-жылы «Кумтөрдөн» 18.66 тонна алтын өндүрүлгөн. Ал эми жалпысынан өлкө боюнча 22.8 тонна алтын чыгарылган.

Тэги: алтын өндүрүш 1200-1300 доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть