Сентябрда салык 1 млрд сом ашыгы менен чогултулган

13.10.2020, 12:35 Акчабар
Сентябрда салык 1 млрд сом ашыгы менен чогултулган

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы менен салык чогултуу планын ашыгы менен аткарган. Муну менен катар салык кызматы мурунку 3 айдын тенденциясын сактап кала алды.

Сентябрь айында 7.6 млрд сом салык жана төлөмдөр жыйналган. Коюлган план 17.1% көп аткарылып, 1.3 млрд сомго көп сумма чогулган. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салыктын көлөму 609.5 млн сомго жогору болгон.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 55.5 млрд салык жана төлөм чогулган.

Тэги: салык кызматы төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть