Шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

18.06.2020, 12:15 Акчабар
Шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Жогорку Кеңеш 18-июндагы сессиясында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда карап, добуш берүүгө жиберди.

Долбоорго ылайык, парламенттик шайлоонун босогосу тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүлүшү керек. Шайлоо күрөөсү 5 миллион сом бойдон калат.

14-майда мыйзам долбоору тармактык комитетте, андан кийин сессияда биринчи окуудан өткөн. 4-июнда экинчи окууда кабыл алынган.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

4-июндагы сессияда КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоону жылдырууну же үгүт парламенттик шайлоону жылдырууну же үгүт иштеринин форматын өзгөртүүнү сунуш кылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Спутник» сайтына берген интервьюсунда эгер күзүндө илдет күчөп, өзгөчө абал киргизүү зарылдыгы пайда болсо шайлоону жылдыруу ыктымал экенин белгилеген. Парламенттин 18-июндагы жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов парламенттик жана жергиликтүү шайлоону чогуу өткөрүүнү сунуш кылды.

Тэги: Шайлоо жети пайыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть