Кыргызстан кайсы өлкөнүн чайын көп ичет?

16.05.2024, 16:30 Акчабар
Кыргызстан кайсы өлкөнүн чайын көп ичет?

Быйыл январь-март айларында Кыргызстан жалпы 280 млн 968 миң сомго кофе жана чай өнүмдөрүн импорттогон. Ал эми 60 млн 914 миң 200 сомго аталган өнүмдөрдү экспорттогон (ред.реэкспорт). Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

Кыргызстандын кофе жана чай экспорт-импорттук түзүмүндө биринчи орунда Орусия турат. Бул өлкөдөн Кыргызстанга быйыл үч айда 113 млн 819 миң 700 сомдук товар экспорттолгон. Ал эми Кыргызстан Орусияга 57 млн 650 миң сомго экспорт жасаган.

Экинчи орунда Кытай турат. Күн чыгыш өлкөсү январь-мартта 66 млн 171 миң 900 сомго Кыргызстанды кофе жана чай менен камсыздаган. Кыргызстан Кытайга эч кандай экспорт жасаган эмес.

Үчүнчү орунда Казакстан турат. Коңшу өлкөдөн 57 млн 666 миң 800 сомго товар импорттолсо, 2 млн 857 миң 760 сомго экспорт жасалган.

Эң кызыгы, чай плантациялары менен таанымал Шри-Ланкадан Кыргызстанга 10 млн 889 миң сомго товар келген.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына 2 миң 900 долларга чай жана кофе импорттогон. АКШ Кыргызстан чай жана кофе импорттогон үчүнчү өлкө (ред. реэкспорт. Орусия жана Казакстандан кийин). Башка өлкөлөргө экспорт болгон эмес.

Тэги: Шри-Ланка Орусия Кытай чай кофе АКШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть