7-сентябрдан тарта Швейцарияга барган кыргызстандыктар үчүн 10 күндүк карантин режими алынып салынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Бул чечим Швейцария бийлиги тарабынан 2020-жылдын 4-сентябрында кабыл алынган. Ошол себептен, 7-сентябрдан тарта виза жана башка уруксат документтери бар кыргыз жарандары эч кынтыксыз Швейцарияга кире алышат.
Андан сырткары белгилей кетүүчү нерсе, 20-сентябрдан тарта Казакстан менен Кыргызстандын авиакаттамдары жандантырылат. Алматы — Бишкек — Алматы рейстери «Эйр Астана» авиакомпаниясы аркылуу жумасына эки жолу, шейшемби жана жекшемби кундөрү каттап турмакчы.