Опубликовано
27.05.2024, 04:50Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун айкели орнотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Белгиленгендей, айкел шаар тургундарынын каржылык колдоосу менен тургузулган. Ага жалпы 400 миң сом жумшалган. Анын 250 миң сомун шаардын 50 жаштагы тургундары, 150 миң сомун шаардын башка демөөрчүлөрү чогултуп берген. Ал эми айкелди жергиликтүү скульптор Сайпидин Кушматов жасаган.