akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    18.02.2022, 09:14

    Өткөн жылы пенсияга керектелген 50 819,4 млн сом толугу көлөмдө каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

    2022-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 960,4 млн сомго көбөйдү.

    "2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түздү, алардын ичинен 222,9 миң адам же жалпы санынын 31% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 491,7 миң адам же 69% коммерциялык банктар аркылуу пенсия алышат. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйдү",- деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 14.02.2024, 02:47:54
    • 09.02.2024, 05:20:29
    • 07.02.2024, 03:40:27
    • 02.02.2024, 05:41:36