Соцфонд акыркы эки айда 12585 жаранга пенсия чектеди

14.03.2022, 14:06 Акчабар
Соцфонд акыркы эки айда 12585 жаранга пенсия чектеди

Үстүбүздөгү жылдын жалпы январь-февраль айларында 12585 жаранга пенсия дайындалып чектелди жана кайра эсептелинди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошонун ичинде 2022-жылы февраль айында 4114 жаранга пенсия чектелди.

Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1191 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Социалдык фонд тарабынан 7280 жаранга пенсия чектелген. Ал эми 2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түзгөн. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйгөн. Ошондой эле өткөн жылы пенсияга керектелген 50 819,4 млн. сом толугу көлөмдө каржыланып,. 2022-жылдын 1-январына арата пенсия төлөө боюнча карыздар жок.

Тэги: Соцфонд пенсия чектөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть