akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    24.09.2020, 04:00

    Азыркы учурда Баткен жана Нарын облустарында «Социалдык ипотека» линиясы аркылуу жеңилдетилген турак-жай насыялары жылына 7.5%- 9.5% менен 15 жылга чейин улуттук валютада берилип жатат. Бул тууралуу «Керемет Банктын» басма сөз кызматы билдирди.

    [news 28224]

    Бюджеттик кызматкерлер «Социалдык ипотека» аркылуу жеңилдетилген шарт менен турак-жайлуу боло алышат. Ошол себептен республиканын бардык аймактарында тең бул программага болгон суроо-талап күндөн-күнгө күчөп жатат.

    «Жеңилдетилген насыяны алуу боюнча ар бир регионго калыстык менен чек коюлган. Кээ бир аймактарга бөлүнгөн турак-жайлар толугу менен алынып бүттү», — деп белгилешти банктан.

    Кошумчалай кетсек, «Социалдык ипотека» программасы 2020-жылдын аягында бүтөт.


    Читать похожее

    • 18.08.2024, 22:00:33
    • 13.08.2024, 00:25:51
    • 06.08.2024, 23:15:52
    • 04.08.2024, 23:35:06