«Социалдык ипотека» насыясы Баткен жана Нарын облустарында берилип жатат

24.09.2020, 10:00 Акчабар
«Социалдык ипотека» насыясы Баткен жана Нарын облустарында берилип жатат

Азыркы учурда Баткен жана Нарын облустарында «Социалдык ипотека» линиясы аркылуу жеңилдетилген турак-жай насыялары жылына 7.5%- 9.5% менен 15 жылга чейин улуттук валютада берилип жатат. Бул тууралуу «Керемет Банктын» басма сөз кызматы билдирди.

Бюджеттик кызматкерлер «Социалдык ипотека» аркылуу жеңилдетилген шарт менен турак-жайлуу боло алышат. Ошол себептен республиканын бардык аймактарында тең бул программага болгон суроо-талап күндөн-күнгө күчөп жатат.

«Жеңилдетилген насыяны алуу боюнча ар бир регионго калыстык менен чек коюлган. Кээ бир аймактарга бөлүнгөн турак-жайлар толугу менен алынып бүттү», — деп белгилешти банктан.

Кошумчалай кетсек, «Социалдык ипотека» программасы 2020-жылдын аягында бүтөт.

Тэги: Улуттук валюта турак-жай насыялар Социалдык ипотека Баткен Нарын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть