Опубликовано
03.08.2020, 09:50Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсепке баардыгы болуп 17 млн 427 миң 47 сом түшкөн.
[news 26590]
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул каражаттан турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн акчалай каражаттарды бөлүштүрүү Комиссиясынын чечими менен:
- 2020-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына – 792 миң 500 сом;
- 2020-жылдын 9-апрелинде өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө - 3 млн 587 миң 496 сом;
- 2020-жылдын 16-апрелинде Нарын шаарынын мэриясына – 1 млн сом;
- 2020-жылдын 16-апрелинде Жалал-Абад шаарынын мэриясына – 1 млн сом;
- 2020-жылдын 16-апрелинде Ош шаарынын мэриясына – 4 млн сом;
- 2020-жылдын 16-апрелинде Сузак райондук мамлекеттик администрациясына – 2 млн сом;
- 2020-жылдын 16-апрелинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына – 1 млн сом;
- 2020-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясына – 2 млн 760 миң сом бөлүнгөн.
«Бүгүнкү күндө эсепте калган сумма 1 млн 287 миң 51 сом 80 тыйынды түзөт. Эсепке которууларды мамлекеттик жана жеке компаниялар, кайрымдуулук жана коомдук уюмдар жүргүзгөн», - деп айтылат маалыматта.