Абдыгулов: Сомду девальвациялоо экспорттун көлөмүн өстүрбөйт

12.02.2021, 11:00 Акчабар
Абдыгулов: Сомду девальвациялоо экспорттун көлөмүн өстүрбөйт

Кыргызстандыктардын жашоосуна валюталардын курсу чоң роль ойнойт. Көпчүлүк экономисттер улуттук валютаны девальвациялоо керектигин сунуштаган демилге түпкүрүндө туура эмес, - деп билдирди Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов «Биринчи радиого» берген маегинде.



Анын айтымында, эксперттер девальвация экспорттун көлөмүн өстүрөт деп эсептешет. Бирок, маселени тереңинен карап көргөндө, өндүрүлө турган чийки заттын 70-80% импорт экени маалым болот.


«Мисалы, «Бизде кандай өндүрүш бар?» деп сураганда, алар кандай ишканалар бизде иштеп жаткандыгын айтышат. Бирок, чийки заттын 70-8-% импорт. Бул Кыргызстанда девальвациянын стандартуу көрүнүшү иштебейт дегенди билдирет. Биздин экономиканын негизине туура келген иштерди жүргүзүшүбүз керек», — деп белгиледи Абдыгулов.

Тэги: сом девальвациялоо девальвация импорт экспорт Улуттук банк Абдыгулов Толкунбек Абдыгулов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть