Опубликовано
08.04.2020, 10:00COVID-19 менен каршы күрөшүү боюнча КР 2 эсеп ачылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
[news 22949]
Маалыматка ылайык, ачылган эсептин бири - калктын аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдарды координациялоо үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. Ага акчалай каражат түрүндө 6 млн 484 миң сом түштү.
Экинчи - коронавируска каршы күрөшүү максатында Финансы министрлигинин астында атайын депозиттик эсеп ачылган. Ага 8-апрелге карата жалпысынан 103 млн сом келип түштү. Бул толугу менен медициналык максатка жумшалат.