Опубликовано
13.01.2021, 04:10Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен «стимулдук гранттар» аркылуу 347 млн 538.5 миң сомго 194 долбоор каржыланган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
[news 31479]
Белгилей кетсек, жыл сайын бюджеттен стимулдук грантка 600 млн сомдун тегерегиндеги каражат каралат. Долбоорлор жергиликтүү башкаруу органдарынын сунушуна жараша каржыланат.
Кошумчалай кетсек, каражаттын басымдуу бөлүгү мектептерди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн. Тагыраагы 138 млн 788 миң сом каралаган.