Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

16.10.2023, 03:55

Сузакта 96 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду. Жергиликтүү акимчиликтен билдиришкендей, турак жайлар Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында жайгашкан.

"Үмүт" деп аталган шаарча облустук бийлик жана араб коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Анда турак жайлардан тышкары тигүү цехи, ФАП, азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары бар.

Үйлөр көп балалуу жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашоо-шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлдү.


Читать похожее

  • 15.10.2023, 21:55:39
  • 25.05.2023, 21:40:05
  • 27.01.2022, 07:50:08
  • 20.09.2021, 00:50:51