Сузактагы селдин чыгымы 116 млн сомду түздү

04.08.2021, 13:30 Акчабар
Сузактагы селдин чыгымы 116 млн сомду түздү

Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү Чангыр-Таш жана Сузак айыл өкмөтүнүн Достук айылдарын каптаган селдин жалпы чыгымы 116 миллион сомго жетти. Бул тууралуу “Акчабарга” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.

“Селдин кесепетинен авариялык абалга келген 67 үйдүн ээлери чатырда жашап жатышат. Айылдардагы сел каптаган арыктарды жана жолдорду тазалоо иштери бүткөн. Эгерде күзгө чейин үйлөр калыбына келбесе, чатырдагы жашоочуларды жылытууга мүмкүн болгон мекемелерге, мектептин имараттарына көчүрөбүз”,- деди ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров.

Эске салсак, 20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп 446 үй жараксыз абалга кептелген. Кара-Дарыя жана Достук айылдарындагы төрт көпүрө жана жолдорду сел толугу менен агызып кеткен.

Тэги: сел Сузак чыгым ӨКМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть