Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти

28.04.2021, 11:38 Акчабар
Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти

Ысык-Көл облусунун прокурору болуп бир ай мурда дайындалган Сыймык Жапыкеев кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары анын өзүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, Жапыкеев ишин өз каалоосу менен бүгүн, 28-апрелде тапшырган. Мунун себебин ден соолугу менен байланыштырган.

Жапыкеев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда соцтармакта бийликти сындап белгилүү болгон. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо болсо оппозициялык "Чоң казат" партиясын жетектеп чыккан.

Ал эми бийлик алмашуудан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылы 5-мартта өкмөт начар иштегендигине байланыштуу аталган мекемени жоюу чечимин кабыл алган.

Ушул эле жылдын 30-мартында Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматына дайындалган.

Тэги: Жапыкеев Каржы полициясы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть