Тажикстандан Россияга чартердик каттамдар жандандырылат

24.11.2020, 15:30 Акчабар
Тажикстандан Россияга чартердик каттамдар жандандырылат

«Урал аба каттамдары» авиакомпаниясы чартердик каттамдарды уюштуруу үчүн тажик бийлигинен уруксат алды. Бул тууралуу 23-ноябрда Россиянын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, «Урал аба каттамдарынын» учактары Душанбе, Хожент жана Кулябдан Москва, Казан, Красноярск, Самара, Санкт-Петербург жана Уфага каттай башташат.

Авиакомпаниянын Тажикстандагы өкүлчүлүгү билдиргендей, авиабилеттин баасы 620 долларды түзөт.

Чартердик каттамдар ириде Россия жарандарын ташууга багытталган.

Буга чейин тажик бийлиги Россиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясына Душанбе-Москва жана Хожент-Сургут багыттары боюнча чартердик каттамдарды аткарууга уруксат берген. «ЮТэйр» компаниясынын учактары аталган багыттар боюнча 7-ноябрдан тартып жумасына бир жолудан уча башташты.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Россия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз.

Тэги: чартердик каттамдар Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть