akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    10.03.2021, 09:30

    Тажикстанда дагы бензин кымбаттады. Душанбедеги май куюучу жайларда бензиндин литри 8 сомонини (0,70 доллар) түздү. Эки апта эле күйүүчү майдын орточо баасы 7,00 сомониден ашкан эмес. Бул арада суюлтулган газ жыл башынан бери 12% жогорулады.

    [news 32842]

    Тажикстандын Монополияга каршы кызматы Казакстан өлкөгө бензин жеткирүүнү азайтканын жана Душанбе Россиядан күйүүчү майды кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп жатканын билдирди.

    Агенттик дүйнөлүк рынокто мунай баасы жогорулаганын белгилөөдө.

    Бул арада Тажикстан жашоочулары күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүк жана башка товарлардын баасына таасирин тийгизерин айтышууда.

    Россиялык «Газпромнефть» компаниясы тажик рыногунун 32% күйүүчү май менен камсыздайт.


    Читать похожее