Опубликовано
11.02.2021, 03:15Тажикстанда Борбор Азиядагы эң ири тоок фабрикасы курулуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба министри билдирди.
[news 31114]
Маалыматка ылайык, «Авесто груп» компаниялар тобу куруп жаткан фабрикада жылына 5,5 миң тонна тоок эти өндүрүлүшү мүмкүн.
2018-жылы президент Эмомали Рахмон тоок өстүрүү ишканаларына жабдууларды импорттогон компанияларды салыктардан жана бажы төлөмдөрүнөн бошоткон. Өкмөт бийликтин бул чечиминен кийин өлкөдө тоок фабрикалары көбөйгөнүн кабарлаган.
Учурда Тажикстандагы 181 фабрикада 9 миллионго жакын тоок бар. Өткөн жылы аларда 30,6 миң тонна тоок эти өндүргөн. Бул 2019-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 1,9 эсеге көп. Ошол эле маалда 2020-жылы чет өлкөлөрдөн алып келинген тоок эти мурдагы жылдарга салыштырмалуу 16 миң тоннага азайган.