Талас: калктын 45%ы COVID-19га каршы эмделди

01.10.2021, 16:30 Акчабар
Талас: калктын 45%ы COVID-19га каршы эмделди

Бүгүнкү күндө Талас облусу боюнча COVID-19га каршы вакцинациялоо үчүн максаттуу топ болжол менен 92 миң 209 адамды түзөт, анын ичинде 45 %ы биринчи доза менен эмделген, ал эми калктын 30,4 %ы иммундаштыруунун толук курсунан (биринчи жана экинчи) өткөн. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында белгилүү болду.

Жылдыз Бакашова калкты COVID-19дан вакцинациялоо процессин тездетүү зарылдыгын билдирип, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, жумушчу сапар алкагында облустун саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Медициналык мекемелердин көйгөйлөрү талкууланып, аларды керектүү жабдуулар менен камсыздоо темасы да козголду.

Тэги: ковид эмдөө Талас минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть