Таласта акимдин орун басары 50 миң сом пара менен кармалды

29.07.2021, 11:30 Акчабар
Таласта акимдин орун басары 50 миң сом пара менен кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан мыйзам бузууларды алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 28-июлда пара алып жаткан жеринен Талас райондук акимчилигинин башчысынын орун басары кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кадырбек Табышов бизнес ачууга уруксат бергендиги үчүн жергиликтүү тургундан 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

Тиешелүү далилдердин негизинде, ал Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кармалып, Талас облусу боюнча ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Тэги: акимчилик Пара Талас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть