Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди

18.03.2021, 09:10 Акчабар
Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди

17-мартта Жерүй кенинде Талас алтын комбинаты ишке киргизилди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин катышты.

Алтын комбинат аркылуу Кыргызстандын бюджетине жылына 70 миллион долларга жакын каражат түшөрү маалымдалды.

Кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине түшчү жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомду түзөрү белгиленди. Жылына 1,3 миллион тонна руда өндүрүлөт.

2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейинки убакытта «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан бюджеттик жана социалдык төлөмдөргө, «Бакубат Талас» фондусуна бөлүнгөн сумма — 923 млн. сомду түзгөн. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, чакан жана орто бизнес үчүн аз пайыздык чен менен жеткиликтүү насыялар берилип турат. Алар үчүн 600 млн сом которулган.

Компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген коопсуз технологиялар колдонуларын, андыктан Жерүй долбоору экологиялык жактан таза экендиги маалымдалды.

Тэги: Жерүй кен Талас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть