Таласта «Бала-Саруу» чакан ГЭСи ишке кирди

21.05.2024, 16:28 Акчабар
Таласта «Бала-Саруу» чакан ГЭСи ишке кирди

Таластагы Киров суу сактагычына курулган "Бала-Саруу" ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон чакан ГЭС үч генераторлуу, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Бул Талас облусундагы 19 миң абоненттин электр энергияны керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Курулушка жалпысынан 2 млрд 800 млн сом жумшалган.

Эске салсак, аталган гидроэлектрстанцияга 2021-жылдын август айында капсула салынган.

"Бала-Саруу" ГЭСинин ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров алдыда “Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарында да ГЭСтер куруларын билдирди.

Тэги: Бала-Саруу президент Талас Киров суу сактагычы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть