Таластын мурдагы облус башчысы менен шаар мэри кармалды

19.05.2023, 12:30 Акчабар
Таластын мурдагы облус башчысы менен шаар мэри кармалды

Президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Нарбеков жана Талас шаарынын мурдагы мэри Аскар Шабданов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда алар Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын апрель айында тигүү фабрикасын куруу боюнча Талас облусун өнүктүрүү фондунун алдындагы байкоочу кеңеш атайын жоболорду бузуу менен 82 миллион сомдук долбоорду жактырган.

Ошол эле жылдын октябрь айында фабрика куруучуну аныктоо үчүн тендер өтүп, “Ника KG” ишканасы жеңүүчү деп табылган. Андагы келишимге ылайык, аткарылган иштер толугу менен бүткөрүлүп, кабыл алынгандан кийин 100% каражат которулмай болгон.

“Бирок Талас облусун өнүктүрүү фондунун директору Э.Т.Т. көрсөтмөсү боюнча мурдагы Талас облусу боюнча президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Н. Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын катынын негизинде 25 миллион сом которгон. Анын ичинен биринчиси, кошумча кайра текшерүүнү талап кылган маалыматтарга ылайык, “откат” иретинде акча каражатын алышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктоо үчүн Мамлекеттик архитектура агенттигинин жана Курулуш, турак жай-коммуналдык чарбасынын адистери долбоордун сметалык документтерине талдоо жүргүзүп, тигүү фабрикасын куруунун алгачкы этабында эле мамлекетке 7 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Тэги: коррупция УКМК Талас мэр губернатор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть