Бердаков: Темир жол курулушун каржылоо үчүн Орусияга жүйөлүү себеп керек

26.02.2021, 15:00 Акчабар
Бердаков: Темир жол курулушун каржылоо үчүн Орусияга жүйөлүү себеп керек

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу Кыргызстан үчүн азырынча жеткиликсиз бойдон калууда. Бирок, өлкө бул долбоорду ишке ашыруу аракеттеринен баш тартпай, атүгүл Орусияны курулушту каржылоого тартуу аракетинде. Ошентсе деле Кытай дагы Россия дагы азырынча биринчи кадам жасоого шашылбай турат. Акыркы сутка ичинде президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, сыягы бул долбоорду да талкуулашты. Кытай жана Өзбекстан курулуш иштерин каржылай алышат, бирок толук сумманы берүүгө даяр эмес. Ошон үчүн бул ишке Россия жардам бере алат, - деп билдирди саясат таануучу Денис Бердаков.

Эксперттин айтымында, күн тартибинде долбоордун жоктугу анын талкууланбаганынан кабар бербейт. Россия менен бул долбоор тууралуу сүйлөшүү кеминде эки жылга созулат. Бирок, бул боюнча расмий маалымат жок. Ошентсе деле сүйлөшүү болгондугу тууралуу бир нече факторлор кабар берет.



«Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруу керктиги боюнча бир нече жолу сүйлөдү. Анын үстүнө делегациянын курамында «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси Василий Дашков дагы болгон. Мындай мекеме жетекчилерин чоң жолугушууларга сейрек алып барышат. Бул факторлор сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дегенден кабар берет», — деп белгиледи саясат таануучу.



Бердаковдун айтымында, сүйлөшүүлөр Кыргызстан тараптан жүргүзүлүүдө. Россиянын экономикалык дагы стратегиялык дагы максаты жок. Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшүнө карабастан, Кытай кургактыктагы транспортко басым жасайт жана долбоор ишке ашса жүк ташуунун көлөмүн толугу менен көтөрө алат. Бирок, жаңы жолду ишке ашыруудагы бирден бир бүдөмүк суроо бул анын өзүн өзү актай тургандыгында.



«Азыркы учурда жолдун курулушу 3-7 млрд долларга бааланууда. Бирок, ошол эле учурда жол тоолуу болгондуктан, анын өзүн-өзү актоосунда кеп болуп жатат. Казакстан оңой кура алат, себеби алардын жолу талаа аркылуу өтөт. Жакында эле Үрүмчүдөн Казакстан аркылуу поезд өттү жана анын бажы алымдары Бишкектен төлөндү. Бирок, жолдун багыты кандай болору азырынча белгисиз, долбоор анчалык деле кирешелүү эмес жана Кытай аны толугу менен каржылоого даяр эмес», — деп түшүндүрдү саясат таануучу.


Кыргызстан болсо жолду өз күчү менен кура албайт. Өлкө азырынча ИДПнын 60% түзгөн мамлекеттик карызынын көлөмүн жогорулата албайт. Денис Бердаков эскерткендей, Кытай темир жолго каражатты 15 жыл мурун сунуштаган. Анын ордуна 49 жылдык ижарага жер сураган, бирок кыргызстандыктар бул сунушка каршы чыгышкан.

Бердаков белгилегендей, жолугушуу жалпысынан жемиштүү болгон. Себеби Кыргызстан Орусиянын Борбордук Азиядагы аскердик-саясий деңгээлдеги күчтүү колдоочусу бойдон калууда. Ошондуктан, Россия Кыргызстанга жардам берүүгө даяр.

Тэги: темир жол курулуш долбоор Кытай Кыргызстан Өзбекстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан каражат жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть