Марипов: темир жол транспорту эң коопсуз жана ишенимдүү

26.03.2021, 15:00 Акчабар
Марипов: темир жол транспорту эң коопсуз жана ишенимдүү

Биздин мамлекеттердин транзиттик мүмкүнчүлүгүн өз ара пайдалуу колдонууга басым жсоо менен Кыргызстандын менен Өзбекстандын ортосундагы транспорттук-транзиттик кызматташтыкты активдештирүү сооданы кеңейтүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат. Бул тууралуу Ташкентте өтүп жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын кеңейтилген жыйынынын журүшүндө Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов билдирди.

Ал кыргыз тарап Өзбекстан аркылуу транзит менен Афганистан жана Пакистандын базарларына азыктарды экспорттоо үчүн жаңы базарларды биргелешип изилдөөгө кызыктар экенин белгиледи.

«Ошондой эле, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу маанилүү деп эсептейбиз. Темир жол менен ташуулардын артыкчылыгы пандемия учурунда автоунаа менен ташууларды ишке ашыруу кыйын болуп турганда өзгөчө байкалды. Карантин чараларынын натыйжасында автоунаа менен ташуулар чектелип калды жана ушунун алкагында темир жол транспорту эң коопсуз жана ишенимдүү болуп калды»,-деди ал.

Кыргызстандын өкмөт башчысы аталган долбоор эки тараптуу жана көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу салым кошот деп белгиледи.

Тэги: Марипов темир жол Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть