Опубликовано
24.03.2021, 06:30Бишкектин «Дордой» конушунда жаңы бала бакчанын курулушуна конкурс жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
[news 32649]
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 балага ылайыкталган. Долбоорлук-сметалык документациясы толук аяктагандыгы айтылат.
«Тендер мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы аркылуу ишке ашат. Бала бакчада оюн бөлмөсү, ашкана, уктоочу бөлмө, даараткана, кабыл алуучу жана медициналык бөлмө, музыкалык-гимнастикалык зал болот», - деп айтылат маалыматта.
Жаңы бала бакчанын алгачкы сметалык баасы 48 млн 398 миң 113 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнөт.