TikTok тиркемеси америкалык Microsoft компаниясына сатылбай калды

14.09.2020, 17:00 Акчабар
TikTok тиркемеси америкалык Microsoft компаниясына сатылбай калды

Кытайлык TikTok тиркемесин иштеп чыккан ByteDance компаниясы кызматты америкалык Microsoft компаниясына сатуудан баш тартты. Бул тууралуу gazeta.ru басылмасы маалымдады.

Азырынча ByteDance бул чечими тууралуу ачык комментарий бере элек.

Буга чейин аталган компаниянын технологиялык өнөктөшү деп аталып келген, Oracle корпорациясы тиркемени сатып алуу үчүн алгачкы ирет кызыкдарлыгын билдирген.

The New York Times басылмасы кошумчалагандай, Microsoft буга чейин Тик Токтун сырдуу сөзүн берүүнү талап кылган. Мындан сон, Кытай чет элдик компанияларга тиркеменин сырдуу сөзүн КЭР бийлигинин уруксатысыз сатууга тыюу салган.

Буга чейин өлкөнүн бийлиги тиркемени эгерде 15-сентябрга чейин америкалык компания сатып алса, аны АКШнын аймагына колдонууга тыюу салуу чечимин кабыл алышкан. АКШнын атайын кызматкерлери билдиргендей, социалдык тармактын жетекчилери кытай бийлигине персоналдык жеке маалыматтарды таратып, пропаганда менен алек болушууда.

Кийинчерээк ByteDance америка бийлиги менен соттошорун билдирген.

Тэги: TikTok ByteDance компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть