Опубликовано
17.03.2021, 09:30Үстүбүздөгү жылдын 17-мартына карата тышкы карызды төлөө боюнча ачылган атайын эсепке 13 млн 332 миң сом чогулду. Эсеп 2020-жылы ачылган. Бул тууралуу Кыргызстандын финансы министрлиги билдирди.
[news 33279]
2 млн сом өлчөмүндөгү акыркы транш үстүбүздөгү жылдын 3-мартында жүргүзүлгөн.
Сумманын басымдуу бөлүгү, тагырагы 10 млн сомду ишкер Умар Мухаммедов которгон. Андан сырткары, ири суммаларды Абиб Маткасимов жана Таалайбек Рысалиевдер тарабынан которулган.