Төмөнкү Чүй айылында USAID`дин колдоосу менен тигүү фабрикасы кеңейтилди

15.03.2022, 14:09 Акчабар
Төмөнкү Чүй айылында USAID`дин колдоосу менен тигүү фабрикасы кеңейтилди

Кечээ, 14-мартта Чүй районунун Төмөнкү Чүй айылындагы тигүү фабрикасынын кеңейтилишинин урматына расмий азем уюштурулду. Фабрика АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинен (USAID) 130 жаңы тигүүчү машиналарды алган.

Жабдуулар USAID`дин «Конкуренттүү ишкана» долбоорунун алкагында берилген. Бул долбоор жергиликтүү ишканаларды колдоо аркылуу жаңы жумуш орундарын жаратууну көздөйт. Ушул кызматташтыктын натыйжасында фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу 15 пайызга өстү.

«USAID`дин колдоосу менен алынган жаңы жабдуулардын аркасында биз жаңы тигүү линиясын ишке киргизип, Нижне-Чуйск айылынан жана коңшу айылдардан кошумча тигүүчүлөрдү жумушка алып жатабыз», - дейт ишкананын директору Марат Султанов.

Учурда фабрика жогорку сапаттагы кийимдерди, атап айтканда, эркектер, аялдар жана балдар үчүн спорттук кийимдерди жергиликтүү базарлар жана КМШ өлкөлөрү үчүн чыгарат. Султанов келечекте жаңы рынокторго экспорттой баштоону пландоодо.

«Биз Кыргызстанда жеке бизнес жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жол ача аларына ишенебиз. Андыктан, жаңы рынокторго жол ачып, көбүрөөк жумуш орундарын түзүүгө жардам берген ишкердикти өнүктүрүү боюнча программалар аркылуу Кыргызстанды колдоону улантабыз», - деди АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер ачылыш сөзүндө.

USAID`дин «Конкуренттүү ишкана» долбоору айыл чарба, текстиль, маалымат технологиялар, билим берүү жана тамак-аш өнөр жайындагы кичи жана орто бизнес менен иштешет. Аларга өндүрүштү кеңейтүү аркылуу жаңы жумуш орундарын көбөйтүүгө жардам берет. Бул беш жылдык долбоордун алкагында USAID өлкө боюнча 110дон ашык ишканаларга колдоо көрсөттү. «Конкуренттүү ишкананын» жалпы бюджети - 22,7 млн долларды түзөт.

Тэги: USAID тигүү фабрикасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть