Токмоктун мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды

18.04.2023, 09:10 Акчабар
Токмоктун мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Самаевдин "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги айтылууда.

"Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошуудагы түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган", - деп айтылат маалыматта.

Самаев учурда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп 2021-жылы шайланган.

Тэги: мэр Урмат Самаев коррупция Токмок УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть