Опубликовано
02.03.2022, 06:35Кыргызстанда быйыл токойлорду коргоого 97 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.
Токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 97,4 миллион сом каралып, 2022-жылга токойлорду коргоо жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жумшала турганы такталды.
Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаралардын алкагында 1 миң 130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана себүү, 13,1 миллион даанага көчөт материалдарын өстүрүү, өткөн жылдарда эгилген токой өсүмдүктөрүн багуу пландаштырылууда.
Ошондой эле питомниктерди изилдөө жана химиялык тазалоо иштери жүргүзүлөт.