Токойлорду коргоого 97 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт

02.03.2022, 12:35 Акчабар
Токойлорду коргоого 97 млн сомдон ашык каражат бөлүнөт

Кыргызстанда быйыл токойлорду коргоого 97 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.

Токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 97,4 миллион сом каралып, 2022-жылга токойлорду коргоо жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жумшала турганы такталды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чаралардын алкагында 1 миң 130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана себүү, 13,1 миллион даанага көчөт материалдарын өстүрүү, өткөн жылдарда эгилген токой өсүмдүктөрүн багуу пландаштырылууда.

Ошондой эле питомниктерди изилдөө жана химиялык тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Тэги: токой каражат Каржы министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть