Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

01.03.2021, 09:50

Тоо-кен сектору – Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул тууралуу премьер-министр тоо-кен тармагындагы өкүлдөр менен жолугушуу учурунда билдирди.

[news 32034]

Маалыматка ылайык, жолугушууда премьер-министр октябрдагы башаламандыктар тоо-кен компаниялардын ишин токтотууга алып келгендигин билдирген.

«Тоо-кен сектору – өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бирок 2020-жылдын 6-октябрынан түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал көптөгөн кен компаниялардын токтошуна алып келди. Тоо-кен тармагындагы экономиканын өнүгүүсүнө жана инвестициялык жагымдуулукка терс таасирин тийгизген белгилүү бир кыйынчылыктарды эске алуу менен, биз тиешелүү реформаларды жүргүзүү ниетиндебиз», – деди Улукбек Марипов.

[news 30866]

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча, кен ишканалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке 18 млрд 204 млн 37 миң сом киреше алып келишкен. Бул 2019-жылга (12 млрд 999 млн 254 миң сом) салыштырмалуу 140% көп.


Читать похожее